аракет

китептерде 25 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени иштөөгө жасалган кыймыл, амал, айла, даярдык, кам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан келген Алмамбет, / Ала келген эт көйнөк, / Гүлчоро ала кетпесе, / Андан коркуп мен турам, / Отко салса күйбөгөн, / Ар канча кылса аракет, / Көйнөккө дуба жүрбөгөн, / Сел каптаса барбаган, / Агызып кете албаган, / Тоо кылса топук болбогон, / Жер жүзүнүн сыйкыры, / Эт көйнөккө жол койгон, / Касиет… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөгөн кыз Арууке, / Бай Жакып мында келгенин, / Угуп дайнын билди эле: / “Кагуурун жеген ашыкча, / Көрүнөйүн Жакыпка, / Аракет кылсын тартынбай, / Көөнүндө мени жактырса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көп аракет кылдыңар, / Кол жайкашып турдуңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Күнгөй менен тескейди, / Жылга-жыбыр беттерди, / Калтырбастан карайлы, / “Аракетте-берекет”, / Дары чөптү табалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →