арадан

китептерде 81 жолу, 10 китепте
  1. Ортодон; мезгил аралыгынан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анча-мынча кол салып, / Алтай, Чөйчөк, Иледен, / Баркөл, Комул, Турпандан, / Кутубий, Манас - булардан, / Чыгыш-түштүк Асман көл, / Батыш-түштүк Көккамыр, / Арадан эрен кабырга, / Мал алдыңар булардан, / Эч канчалык эмес деп, / Теңелбедик силерге, / Чыгыш түштүк беш урук, / Каракөз менен Калдыктын, / Көл тилине алданып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ашып- шашып ашпаздар, / Аш -тамагын белендеп, / Жүгүрүшүп дереңдеп, / Алты күн өттү арадан, / Тура калып Талана, / Ашырбай жеди тамактан, / Дайардын баарын жеп болуп, / Аттанып чыкты айылдан, / Тармалкөк менен зоңкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч жыл өттү арадан, / Дагы Жакып ойлонду: / “Адат алып калды бейм, / Мурункудай катынды, / Алып барып салсам бейм, / Ырымы ырым болор, — деп, / Ырысыма уул туулса, / Конушума коноор”, — деп, / Үй курады жаңыдан, / Төрт түлүгү тең үчүн, / Баары өзүнөн табылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч жашка чыккан кезинде, / Тун кызын алды Шукшур дөө, / Экинчи кызын бир жашта, / Тартып кетти ушул дөө, / Андан кийин тууганын, / Арадан кырк өткөрбөй, / Алып кетип туруптур, / Жылда тууса, жылда жок, / Кайыпчал менен катыны, / Куу бөрүдөй улуптур, / Жетинчи бала тууларда, / Акыл ойлоп туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Арадан бир жума өттү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →