араба
- Ат, өгүз ж.б. унаа күчтөрүн чегип жүк ташууга арналган эки же төрт дөңгөлөктүү транспорт каражаты.
- Майда жүк ташуу үчүн же балдарды салып сүйрөш үчүн колдонулуучу, кичинекей дөңгөлөктүү үй буюму.
- Автомобиль, машина.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үпчүңдөп үстүн жаптырган, / Арабасын карасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Такта олтурган Айтумуш, / Жесекчиден кеп угуп, / Кыргыз келди деп угуп, / Семетей деген эрди угуп, / Токтоно албай удургуп, / Ат араба коштуруп, / Артынан чаңын тоздуруп, / Барып жетти Чынгышка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Кайра келди чубашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →