араа

китептерде 22 жолу, 8 китепте
  1. Жыгачты, металлды кесүү үчүн колдонулуучу темирден жасалган тиштүү курч аспап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…у жылтылдап, / Алгыр бүркүт төрдөнүп, / Ач арстандай чамынып, / Алдында минген Майтору, / Оозунан чыккан ак көбүк, / Омуроого чачылып, / Кош кулагын жапырып, / Араандай оозу ачылып, / Жаалысы келип жүзүнө, / Манастап ураан чакырып, / Асылга Дөнөн бет келди, / Дөнө ойунда баланы, / Аңтара сайам, деп келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эл четине чыкканда, / Шоорук менен Мөңкөтай, / Жете барды узатпай: / — Таласты кылып эки араан, / Таштап койуп талаага, / Барасың кайда, Мөңкөтай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Салмоор менен таш урган, / Жазбай кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылкынын аты чыкканда, / Өнөрпоздун бардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →