ара

китептерде 300 жолу, 10 китепте
  1. Эки чектин ортосундагы аралык, бош жери, боштук.
  2. Эки мезгилдин ортосундагы убакыт.
  3. Ортодогу мамиле, байланыш.
  4. Белгилүү маалынан мурда туулган, маалына жетпей төрөлгөн.
  5. Жакын арадагы жер, айлана-чөйрө.
  6. өт. Кишилер менен биргеликте, эсте жүргөндүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачтыңар бузуп араны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качканы болсо кой дебе, / Качпаса калмак ой дебе, / Арагын берсе ичпегин, / Айлына барып түшпөгүн, / Сыр алдырып көрүнбөй, / Сыртыңды салып дүңкүйбөй, / Ыраактан байка иттерди, / Жакшылыкты билеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керилип туруп сийген жер, / Бут менен колдун арасы, / Кере бута кеңдиги, / Солбуп бутун тарткан жер, / Жер очоктой ойулган, / Зоо жакка башын бургандай, / Из белгиси ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →