ар1

китептерде 2251 жолу, 10 китепте ар 2 →
  1. Намыс, уят.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…арсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деген кеби ушгулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тулпар күчүнө келип, ар тоонун башын бир аттап басып отуруп жетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →