апыртма
- Апыртылып, ашыра күчөтүлүп айтылган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арамзада Суумерген, / Боронбайга жолугуп, / Булкулдап ыйлап соолугуп, / Болгон кепти бүт айтып, / Апыртма кошуп күч айтып, / Жалган жерин чын кылып, / Кичинесин чоң кылып, / Боронбай болгон кепти угуп, / Бу дагы жүрдү оолугуп, / Кырк миң колун жардатып, / Топуракты чаңдатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ишенбейм дегенсип, / Мөтө чечен баш чайкап: / — Атыраңдайт ар адам, / Аттардан аттар басаган, / Азаматты тим кордоп, / Апыртма сөзгө уйалам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →