апырт
- Чыныгы болгон абалынан, чыныгы көрүнүшүнөн ашырып, күчөтүп айтуу, сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Абайлап ук калайык, / Апыртып айткан калпы көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, өт алып, / Бөөдө элге кас кылбай, / Аксакалдын, карысын, / Айдоого келген барысын, / Чогултуп келип жалпысын, / Эреже менен эр Бакай, / Эми кебин салыптыр, / Апыртып ийип калп айтпай: / — Айкөл Манас балбаным, / Аңтара сайып жоо алдың, / Эмки калган жумушту, / Өз ойум менен кылайын, / Ушул турган баарыңар, / Бадыкөл өлдү ха…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Барып келген Абдылдаң, / Кошкону жок апыртып, / Койгону жок жашырып, / Жай жайлаган жайлоомо, / Үч толтура мал болсун, / Кыш кыштаган кыштоомо, / Үч толтура мал болсун; / Сан сарала ат берсин, / Сан миң к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойронумдун жумушун, / Унутуп таштап койбогун, / Жатсаң-турсаң ойлогун, / Кылбаганды кылды деп, / Апыртып айтсаң болбодуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жазылыгы баатанын, / Кере кулач төш жары, / Калыңдыгы балтанын, / Апыртпайын төш жары, / Сырты тектир секидей, / Кимдер чыдайт баатага, / Баш калкалап бекибей, / Тиктеп турат Сейитим, / Эчтемеден шекибей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →