аптиек
- дин. Курандын жетиден бир бөлүгү.
- дин. Революцияга чейинки мектептерде окуу куралдарынын бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Мухаммед деп ат койуп, / Анан турду эр Көкчө, / Кечиктирбей бат койуп, / Эртең менен карасам, / Казандай селде башында, / Катчы, вазир башында, / Кол башындай “аптиек”, / Кошо кармап колуна, / Эшиктен кирди эр Көкчө: / — Алмамбет, балам, келгин — деп, / Ыйман айтып, “келме” айтып, / Ислам динге киргин, — деп, / Такта кат оку…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →