аптап

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Күндүн ысык илеби, күн нурунун ысык табы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Чыдай албай титиреп, / Өнүп турган дал-дарак, / Ажыдаардай сүрдөнүп, / Ач карышкыр түрдөнүп, / Борошо жүрүп жаткандай, / Бетинен чыккан ыдыгы, / Жайдын күнкү аптаптай, / Жалындай тийсе ысыгы, / Кирпиктери бириндеп, / Жер бетинде турган чөп, / Токтоно албай кыймылдап, / Жел соккондой дырылдап, / Мурдунан чыккан тынуусу, / Кол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Самоордун сары жезинен, / Аптабанын мисинен, / Айабай тандап келишип, / Аптабын колго алып, / Самоордун суусунан, / Жүз жууруна беришип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дүмөктүү кыйын бала экен, / Кызматы менен журт алган, / Чоңдугу төөнүн нарындай, / Толкуну суунун шарындай, / Жер жүзүндө бендеден, / Мындай неме табылбай, / Ысыгы жайдын аптаптай, / Суугу сырттын шамалдай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кара кайыш каптаган, / Сыртына коло чырмаган, / Тийген жери ырбаган, / Эшик эңдүү айбалта, / Ойроттун чыры бир канча, / Ийнине арта салыптыр, / Ысыгы жайдын аптаптай, / Жанашып келип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →