аптаба1

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. диал. Колго суу куюучу узун моюндуу жез кумган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ө, / Күн бүркөлбөй чаңкайып, / Күн-түнү бирдей жапжарык, / Күнү кайсы, түн кайсы, / Айрып билген жандар жок, / Таң агарды кашкайып, / Дайардык көрдү Нурфану, / Аптабасын колго алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күнүлүк кылып жатат деп, / Көңүлүңө албагын, / Ар кандай заман болсо да, / Алмамбет кебин салбагын, / Аптаба алтын, миш эмес, / Алп Коңурбай, Эсенхан, / Алыша турган кез эмес; / Самоору алтын, миш эмес, / Эсенхан менен Коңурга, / Сайышка барар кез эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей кирди нурланып, / Айчүрөк кирди буралып, / Бекер кирбей Айчүрөк, / Аптабага суу алып, / Карыга салып кепинди, / Көр керегин кошо алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аптабаны колго алып, / Ак жыландай толгонуп, / Эшикке чыгып ийилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Олжооркогон кара бет, / Басалбай калган окшонуп, / Аптабасын белендеп, / Эр дааратын бүтүрүп, / Намаздан жанды Семетей, / Чайчылаары белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →