апкел
- сүйл. Алып кел (бирдемени алып келип бер маанисинде).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алике менен Сатике, / Апкелдим эки бийиңди, / Булардын алы билинди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эшикке казып кемеге, / Казан асып беш жерге, / Жаткан экен көп неме, / Басып барды жанына, / Отуз табак апкелди, / Ал капырдын алдына, / Колун сууга салбады, / Баарын койбой жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →