апкаары
- Корккондо, шашылганда же сүрдөп калганда эмне кыларды, эмне дээрди билбей аптыгуу, сөз келбей, сөз таппай сүйлөй албай калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кержин жетти ат салып, / Келди калмак Кержин деп, / Кетпейт баатыр апкаарып, / Калдык хандын кебине, / Келген Кержин арданып, / Найзасын күүлөп көтөрүп, / Көмүр кара калмактын, / Эки бети көгөрүп, / Өжөрлөнүп алыптыр, / Же өлтүрөм, же өлөм, / Экинин бири болот деп, / Качырып урду найзасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көптүгүнөн апкаарып, / Коркуп койбойт кенедей, / Кыргыз, калмак кектешти, / Чигитей, Дөрбөн беттешти, / Дөрбөн ойлойт ойунда, / Өлтүрбөй кайра кетпести.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Караанын көрүп көкжалдын, / Жүрөгү коркуп апкаарып: / “Жолумду тосуп бекемдеп, / Куткарбайт экен эми, — деп, / Эрдемсиген Чойун алп, / Өмүрүм бүткөн экен, — деп, / Мындай уруш курусун, / Куландын сары сайына, / Качып кетсем белем, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мурдагыдай көп ирет, / Салам айтып Алмамбет, / Салды башын ал үйгө, / Алмамбет үйгө киргенде, / Жалпы турду дүрбөшүп, / Саламга алик алышып, / Апкаарыша калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жетелеп атын жөө басып, / Мине албай жүрөк апкаарып, / Минтип жүргөн сандан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →