апийим1
- Кызыл, ак гүлдүү, майда уруктуу тоголок башы бар, сабагы узун келген дары өсүмдүк.
- Ушул өсүмдүктүн башы ката электе тилип, сүтү тоборсуп, кургай электе кырып алынган дарылык үчүн колдонулуучу маңызы.
- өт. Баңги зат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ысыкта жоон топ киши береги бир учкыйыры жок түздө суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Апийим тилими кызыган кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Апийим уу болот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү түшкө жакын апийимден келип, үйдүн жанында арыкка колумду жууп олтуруп, Байболотту көрдүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үчөөбүздүн тең көйнөгүбүз апийимге чылап алгандай сарала болуп, каңырсып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →