аныкта

китептерде 29 жолу, 9 китепте
  1. Анык экенин билүү, аныгына жетүү, тактоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акылын ойлоп аныктап: / — Таабалды баатыр кана? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап турса аныктап, / Жердин бетин көл толкуп, / Келаткансып суу каптап, / Кылт этип кыйал бурулса, / Кетчүдөй көрүнөт, / Кызыл кыйан сел каптап, / Жүрөгү күйүп кызыл чок, / Кыймыл этээр чама жок, / Кара бойу бүт какшап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мойнунан байлап тайгандай, / Ай-ааламды кыдыртып, / Аныктап берем эсепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөдөн сурап жатканда, / Жаткан моңгул жалдырап, / Алкымында балдырап, / Чүкөдөн чыккан чатакты, / Айтып ийди аныктап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Койкүрөң минип жөнөйүн, / Кай тарапка кетти экен, / Гүл абамдын артынан, / Изин кууп көрөйүн, / Из чыгарып аныктап, / Анан силерге кабар берейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →