аны-муну

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Майда-барат буюмдар, ар нерселер.
  2. Аркы-берки, өйдө-төмөн сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачып көздү жумгуча, / Аны-муну кылгыча, / Бирине-бирин жеткизбей, / Жанына жакын келтирбей, / Бүктөй кармап камчыны, / Бирден чаап сулатты, / Баарын аттан кулатты, / Жалпы баары чөгөлөп, / Арстан Гүлүс баатырдан, / Амандыгын сурашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бара-бара ошолор, / Салар атты жойуптур, / Сала атка конуптур, / Чойтолоң менен Тазкара, / Айрылгыс жолдош болуптур, / Аны-муну кылганча, / Ачып көздү жумганча, / Кырк күндүк мөөнөт толуптур, / Эр Сейит менен Тапан хан, / Беттешер маалы болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куран окуп арбакка, / Бата кылып алды эми, / Ачкан оозун жумгуча, / Алаканын жыйгыча, / Аны-муну кылгыча, / Агарып турган күмбөздөн, / Шамал чыгып күркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →