анчейин

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Тим эле, жөн эле, бекеринче.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– / Коңурбай атка болуптур, / Сыргактын кебин угуп тур, / Сегиз баатыр биригип, / Аккуланын артынан / Ат дүбүртүн салыптыр, / Жаныбарың Аккула, / Анчейин арыш жайыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →