анча-мынча

китептерде 54 жолу, 8 китепте
  1. Бир аз, кичине.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анча-мынча кол салып, / Алтай, Чөйчөк, Иледен, / Баркөл, Комул, Турпандан, / Кутубий, Манас - булардан, / Чыгыш-түштүк Асман көл, / Батыш-түштүк Көккамыр, / Арадан эрен к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чогулушуп Конушту, / Бурчуктун ойу сеңирге, / Аскер батып жаталбайт, / Анча-мынча тар жерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
— деди, / Манас жеңген калмактар, / Бадыкөлдүн алдында, / Анча-мынча ал, — деди, / Торгобойун жолуңду, / Бачымыраак бар, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акылы артык жаныбар, / Анча-мынча адамдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аты да бар бир тоодой, / Аташканын куткарбай, / Анча-мынча кишинин, / Ат-тону менен жуткудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →