антташ2
- Ант берүү, ант кармашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Болжолуңа келтирип, / Салалбасам маа жазык, / Тунарык турат тумандап, / Көрсөтпөсөң саа жазык, / Аккелте менен дүрбүгө, / Айкөл Манас антташып, / Келтенин огун салаарда, / Огун тиштеп шартташып, / Дүрбүсүн алып колуна, / Оңдоп кармай имерип, / Олутуна толтуруп, / Каңгайды карай жиберип, / Кара көзгө с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атама атаң эмчектеш, / Өзүмө өзүң эмчектеш, / Сүт эмишкен, антташкан, / Тууган бүтпөс, дос бүтпөс.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн Саламат, / Бу дүйнө тургай о дүйнө, / Бузулушпай жүрүүгө, / Ок тиштешип антташып, / Кол тартышып достошуп, / Жанаша бирге бастырып, / Топону көккө сапырып, / Карап турган Куйалы, / Дарбазасын ачтырып, / Алып келип түшүрүп, / Мейманды калды күтүшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арка болуп өзүмө, / Антташкан сөздөн чыга алдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Антташып койгон дос элем, / Акыретке барганда, / Анда кантем — деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →