антропоморфизм
- фил. Табияттагы бардык көрүнүштөрдө: айбанат, өсүмдүк, тоо, таш ж.б. адамдык касиеттер бар деп ойлонулган илимге чейинки түшүнүк.
- дин. Кудайды адам образында элестөө.
- адаб. Предметке, жаныбарга, табияттык көрүнүшкө адамдык касиет-сапат ыйгарылып сүрөттөлгөн учурлар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.