анткор

китептерде 27 жолу, 5 китепте
  1. Өзүнүн чыныгы оюн жашырып жүргөн арамза, билмексен, көрмөксөн болуп койгон алдамчы.
  2. Жасалма, чыныгы эмес, калп эле.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетик тууган Каракөк, / Жеткирдин бири эмеспи, / Өчөшкөнүн өлтүргөн, / Өткүрдүн бири эмеспи, / Кара сууга кан куйган, / Канкордун бири эмеспи, / Өз-жат дебей чыр салган, / Анткордун бири эмеспи, / Адамга сырын алдырбас, / Манткордун бири эмеспи, / Эл үчүн жанын коргогон, / Канкордун бири эмеспи. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н айашып, / Кылчаңдашып кала албай, / Тай-талаш болуп ушундай, / Турган кезде Коңурбай, / Мына мындай кыйалдай: / “Сайдырбайт экен Коңур — деп, / Сактанып алды анткор — деп, / Менден акыл көбүрөөк, / Манас экен манткор — деп, / Кактырбай сактап найзамды, / Качырайын найзачан, / Өтө берип жандашып, / Мен сайайын артынан, / Ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калайыкты чайкаган, / Анткор Семей болуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Камалды бузган кайраттуу, / Анткорум укчу — деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →