анткени

китептерде 30 жолу, 6 китепте
  1. Себеби (сүйлөм менен сүйлөмдүн ортосундагы себептик байланышты көрсөтүүдө колдонулат).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ал анткени Айманбоз, / Кең сооруда майы жок, / Кез-кездеп душман качырса, / Кенен чуркап шайы жок, / Өзү чабал-алы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир тууганы Чүрөктү, / Акун хандын кызы деп, / Анык кабар укчу эле, / Анткени менен Көкмончок, / Ким алганын Чүрөктү, / Андан кабар укчу эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ал анткени катышып, / Өзү салды калбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мындай кылганда менин келечегим белгилүү болот, анткени кайсыдан соң кайсы үйдүкү бышарын жаңылбай белгилеп алып, баарынан кур калбай биринен сала биринин үстүнөн чыгып отуруш керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анткени Ак дөө, Кара дөө деген чыгып, элдин байлыгын, мал-салын талап ала баштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →