антип-минтип

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Акырындап, эптеп-септеп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Антип-минтип түн болсо, / Тыңдуулап ондон бөлүнүп, / Аралап тийгин сен болсо, / Манастап ураан чакырып, / Жакындап баргын эл болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Антип-минтип арадан, / Күндөр өтүп кетиптир, / Турна баштап беш киши, / Кыргыздардан жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Кангайлардын байагы, / Ыраңкүдүк молдосу, / Аза уул болгон жолдошу, / Мөңгүнүн суусун ашаган, / Антип-минтип бу капыр, / Үч жүз он беш жыл жашаган, / Туула элек кезде эле, / Манас туулат деп айткан, / Айтканынын баары чын, / Жалганы жок келаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Антип-минтип турушуп, / Мылтык атып, чабышып, / Удаа он күн урушуп, / Өрүшүнө Коңдурбай, / Өрүүн берип Коңдурбай, / Далай салды кыргынды, / Беттешкенин соо кылбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →