антала

китептерде 65 жолу, 7 китепте
  1. Карбаластап шашуу, шашты кетип энтелөө, антаңдоо.
  2. Кыйынчылык тартып чабалактоо, эси эки болуп кыйналуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгычакты болбоду, / Калмактар келди анталап, / Аркасынан Асыл шер, / Келе жатат канжалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…өй чоң чокмор, / Асманды карай учканы, / Кайта жерге түшөрдө, / Түшүрбөй жерге Кененим, / Жана какты чокморду, / Удаа улай кагылды, / Чокмордун башы жарылды, / Анталаган чоң калмак, / Кылычын тартып кынынан, / Жандан тойуп так жадап, / Аша кечип жанынан, / Жалтылдатып кылычын, / Жан алам деп күркүрөп, / Түрүн көргөн Төбөйдүн, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Атылып мылтык тарсылдап, / Жабылып чыкты жолборс, шер, / Айбаттанып арсылдап, / Анталап Чубак шашылды, / Бура тартып атыны: / — Кытайың менен кургунуң, / Бул эмне шумдугуң?- / Алмамбет анда кеп айтат, / Айтканда Чубак ынантат: / — Көпүрө мурда бар эле, / Мындай иштер жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канжардын баарын Сейитим, / Кагып жерге түшүргөн, / Канжардын ишин бүтүргөн, / Аңгыча Тете анталап, / Найзаны алып күтүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атын алып бүгүлүп, / Анталашып жүгүрүп, / Бээ семизин жыгышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →