андыктан

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Ошондуктан, ошону үчүн, ошол себептүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен ошондо туйгамын, / Жылаңайлак айда деп, / Мен андыктан айтканмын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ала мойун суусар бар, / Ачакан менен Дабытай, / Булар жүрөт табалбай, / Түгөнүп калган кыргызда, / Жылтылдатып кылканын, / Кийип жүрөт жаш балдар, / Андыктан кыргыз элдери, / Кундузду койот пулга албай, / Жапа кундуз көп экен, / Сасык дешип теңге албай, / Байкерчилик болобу, / Кыргызга окшош жанга бай, / Кыр сактага… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Беш урук Бейжин ичинде, / Уктатпай Коңур тынч алып, / Короого күндө кол салып, / Кордук кылып элдерге, / Кообу жетип биздерге, / Андыктан келдик бул жерге, / Малында болсо береке, / Көп экен өлүм биздерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейит жоого чыгарда, / Жүйрүндүн сыйкыр көйнөгүн, / Чечип берген Кененим, / Алмамбеттин алмабаш, / Асып берген Кененим, / Ак шамшаарды белине, / Байлап берген Кененим, / Мен дагы сыйкыр билчү элем, / Андыктан алым келбеди, / Ошондуктан Кумсарды, / Алың келбейт дегеним. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Андыктан келдим коргонго, / Сейитек хандын алганы, / Короолош коңшу болгонго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →