андан-мындан

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Аркимден, аркайсыдан, аркай жерден.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…пы турасың, / Ушул жерди тандагын, / Хандан кандуу кеп угуп, / Балбан тандап калышты, / Бири миңди алгандан, / Билеги жоон андайдан, / Зардал тандап калышты, / Андан-мындан шыйгарып, / Көпкөк темир кийгенден, / Аргытып тулпар мингенден, / Качыргандан кайтпаган, / Каарыга найза илгенден, / Башына туулга көмөргөн, / Өжөрлөнүп, көгөр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Агачалык эки-үчөө, / Андан-мындан төрт-бешөө: / — Элебей туруп бул иштен, / Томсоруп биздер кур калдык, / Булар алып келбесе, / Биздер карап турбайбыз... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Андан-мындан жетем — деп, / Аралады аралды, / Таба албай буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Абыке айткан сөздөрү, / Кулакка суук угулуп, / Алактап барган элдердин, / Алалбай олжо деми сууп, / Алып келди мал-пулду, / Андан-мындан чогултуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мышыык анын бул оюн сезип, андан-мындан бир тийип талдын башына чыгып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →