андай

китептерде 313 жолу, 10 китепте
  1. Ошол сыяктуу, ошол өңдүү, ал өңдөнгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалгыз кара башыңды, / Отор, Дөрбөн, Кыйардан, / Батай, Катай – булардан, / Андан кала бергенде, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечилден, / Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Баданаң менен атыңдын, / Башы болсун сеники, / Күдөөрүң үзүп тим калба, / Күчү болсун меники – / Алмамбет андай дегенде, / Көкчө мындай деди эле: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Андай болсо, агалар, / Сейитек биздин ханыбыз, / Жыргап калдык баарыбыз, / Жашы менен карыбыз, / Силер жатып тургула, / Биз кабарга баралык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →