анда-санда

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Кезек-кезек, арадан бир топ убакыт өткөрүп туруп; кээде, кез-кезде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сейрек салган тамы бар, / Анда-санда багы бар, / Орто-катар шаары бар, / Андан бери караса, / Карааны бар отузча, / Адырда жүргөн адам бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ар эки жагы дап берип, / Аралаша бөлүнүп, / Арасында баатырлар, / Анда-санда көрүнүп, / Кечилдин ханы Коңурдун, / Көзүнөн жалын төгүлүп, / Жарлык кылып бакырып, / Жаңылап черүү чакырып, / Какандын элин тынчытпай, / Айжанжүңдү баш кылып, / Айдады бүткүл жапырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда-санда Семетей, / Гүлчоро доошун эшитет, / Күңгүрөнүп бир кезде, / Күч менен сүйлөйт күч менен, / Жана мындай кепти деп: / — Кулагым менин уга албайт, / Айткан кепти калтырбай, / Такыр угуп чыга албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Анда-санда кээ-кээде, / Көз жаздырып турушуп, / Келип кетет бирерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →