анда-мында

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Өтө сейрек, ар кайсы жерде; бириндеген, чачкын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

сурап, / Дабытай менен Ачакан, / Аз болгондо алты илек, / Көп болгондо алтымыш, / Илекке санын толтуруп, / Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш болсо, / Уугуңду шиш кылат, / Унуткусуз иш кылат, / Мурдуңду тилип туз куйат, / Му… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда-мында эт алып, / Чыйырдыны бакканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Белсаздан атын аттанып, / Букарды карай жол тартып, / Алдына минген Карткүрөң, / Барар жакка оң тартып, / Жолдошу жок жанында, / Түшүп өтпөй айылга, / Кийиктер качса чыйкылдап, / Чамасы жетпей карашка, / Анда-мында теминип, / Кетип барат Абдылда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну айтып бүгүлүп, / Ак чач болгон Зубайда, / Жаш келиндей жүгүрүп, / Айагы анда-мында бир тийип, / Тигилип мейман күтүштү, / Эртең менен күн чыга, / Чогулуп эл турушту, / Кыйаздын кылган өкүмүн, / Кутубай айтып угузду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Анда-мында олжооркоп, / Араңдан зорго сүйлөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →