анда

китептерде 878 жолу, 10 китепте
  1. Ал деген жактама ат атоочтун жатыш жөндөмөсү.
  2. Ошол кезде, ошол убакытта.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Арты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин айласын, / Анда барсам табамбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда Жакып муну айтат: / — Алооке менен Кедеңдей, / Каалап алып бергендей, / Кайсы менин уулум бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Сен Чачыкей, сурадың, / Ээси келди Таластын, / Арбагы колдоп Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →