ана2
- Тигине.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ана-мына дедирбей, / Ачып көздү жумгунча, / Байлап келгин сен эле, / Мурун өлгөн баатырлар, / Сага качан те эле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ана-мына дегенче, / Ачып көздү жумганча, / Эти ачышып жан ачып, / Нескарадай чоң дөөнү, / Чалкасынан таштады, / Кыйган терек баштанып, / Нескаранын жатканы, / Кайра бас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Түпкө такыр жетер — деп, / Боло албай шайы турганда, / Алгара минген Коңурбай, / Атынын башын бурганча, / Арстандын баласы, / Карап көрсөң ушунда, / Ана-мына дегиче, / Ачып көздү жумгуча, / Аркасынан чуратып, / Отуз беш койуп өткөнү, / Өтпөгөндө неткени?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →