амансыңбы

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Учурашканда тыңдаган жакка карата айтылчу сөз, эсенсиңби, жакшысыңбы, кандай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбектин артынан, / Медеркан кире барыптыр, / Медеркан кирсе артынан, / Мадыбек кебин салыптыр: / — Иним элең Мөңкөтай, / Сага айтар кебим бар, / Амансыңбы тениң соо, / Кеп сүйлөөргө барбы шай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Амансыңбы Саламат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жеркендин кызы Жезбилек, / Жеңеси мунун турбайбы, / Дегеле кыйын керсейет, / Амансыңбы, шүгүр жок? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен де, / Арстан Манас барында, / Ошол кезде өлбөдүм, / Же өзүң аман барың… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Түшпөй өтүп кетпегин, / Арстандан мурас Каралөк, / Амансыңбы сен — дегин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →