амандаш

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Амандыкты сурашып саламдашуу, эсендикти сурашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н тукуму, / Ителгидей баркылдап, / Майлашып бети жылтылдап, / Аккубак кирип келгени, / Бактыбай менен Аккубак, / Жарыша сүйлөп эки жак, / Тура калып Кененим, / Амандашты кучактап, / Ордонун ханы Орунбай, / Конок келип калганда, / Тура алабы кам кылбай, / Ал Көкүмгө Кененим, / Кебин айтат мамындай: / — Жайбаракат жаткыла, / Эчте… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Капкайдан баарын кычырып, / Балта менен Жакып бай, / Эл экөөнүн жанында, / Адылбектей кары бар, / Амандаша келиптир, / Кыпчакбайы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр караанын көргөндө, / Көкбука менен Жетилбай, / Алтынай менен Чолпонай, / Абыл менен энеси, / Кыз Кылжыке баш болуп, / Амандашып көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Эрге тамак чай берип, / Атка сууну жай берип, / Көкбука менен Жетилбай, / Бирге басып жанаша, / Барандынын жанында, / Башта са… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Хан Коңур келип көрүшүп, / Амандашып турушуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Күүлөгөн колдо чойун баш, / Жаның барда Сомбилек, / Дүйнө менен амандаш! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →