аманат

китептерде 108 жолу, 9 китепте
  1. Катып, сактап жүрүү үчүн, же бирөөгө тапшыруу үчүн убактылуу берилген акча, башка нерсе же кабар.
  2. Диний түшүнүк боюнча «жан» деген сөздүн жалган дүйнөгө убактылуу келген, убактылуу жашаган деген мааниде колдонулуучу эпитети.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп, / Өлүгүн ойго түшүрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Ло… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып карап туралбай, / Аманат жанга күч келип, / Минген атын камчылап, / Алчыланып барганда, / Баш калкалап мааналап, / Барбай койор айла жок, / Бастырып кирди туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шайтаны бойдон күбүлсүн, / Акимсинген бул бурут, / Аманат жандан түңүлсүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муну көрүп Кара дөө, / Катуу арданып кайран дөө, / Заарын салып жыландай, / Бөйөн менен чайандай, / Аманат жанды айабай, / Кызыл жанды Кара дөө, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Эй кан, акылыңа кел, ээси келатат, аманатын колуна сал, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →