аман

китептерде 304 жолу, 10 китепте
  1. Соо-саламат, сак, эсен-соо, тирүү.
  2. Бүлүнбөгөн, бузулбаган, өз калыбынча, соо.
  3. Амансыңарбы же амансыңбы. Учурашканда, саламдашканда айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канын чачам билип кал, / Адамкерлик жол менен, / Акылдашсаң аман кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
жок болсо, / Менин баатырлыгым бекер!”–деп, / Жылдырып тууну көтөрүп, / Ээн жайлоонун айагы, / Ак шорго түшүп кетем, деп, / Баатырың элдин камын жеп, / Болгун аман баарың, деп, / Бастырмак болгон кезинде, / Медеркан келди күпүлдөп: / — Кубулжуган түр сайак, / Курт-кумурска көп элден, / Коркпой кандай туу сайат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кеңгиреп ыйлап ар кайда, / Чогулуп өлүп алалбай, / Казып жерге кире албай, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Ыйлабаса мал таттуу, / Таттуу эмей неткени, / Көрүшпөгөн көрүшсө, / Аманбы деп мал-жаның, / Мурун айтып мал жагын, / Ал сураша кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өзүң тапкан өлүмгө, / Болуптур экен тим койсом, / Эл аманын билиптир, / Эр Алмамбет күлүптүр, / Журт аманын билиптир, / Султан Алмаң күлүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорого Гүлчоро, / Канча акыл кеп берди, / Ала турган жесириң, / Чачыкейди ал, — деди, / Алыңды айтып Сейтекке, / Аман-эсен кал, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →