амалсыздан
- Айласы жоктон, амалы түгөнгөндөн, эч ылаажы болбогондуктан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыйырма бешке чыкканда, / Ат көтөргүс дөө болгон, / Амалсыздан жөө болгон, / Эр Сейтек бабам кел, / Жан бүткөндө жаралган, / Жалаңкыч Сарык наам алган, / Кутулуп сенден ким калган, / Кененим келгин чоң атам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ткүсүз, / Капчал кара коо болуп, / Башын өөдө кылдырбай, / Шилисинен басыптыр, / Кайгысы кара тоо болуп, / Кайгырып ичтен кан өтүп, / Калп эле ыкшып жөтөлүп, / Амалсыздан Тапан хан, / Эс-акылы жоголуп, / Чукуп алган немедей, / Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыкта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айагында маминтип, / Алтын, күмүш, зар ал, деп, / Ага кошуп мал ал, деп, / Эр-айалдан кул-күң, деп, / Сулуусунан жүз кыз, деп, / Кол куушуруп турганы, / Акылынан адашып, / Амалсыздан кылганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бурмаке жогорку жакшылыгын, балага чын ниети менен айткан жок — амалсыздан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →