амалсыз
- Айласыз, аргасыз, айла жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…издеп чабар, — деп, / Каалаган жерге жеткизбей, / Канымды суудай жайар, — деп, / Чыгышты карай түз жүрсөм, / Ат изине салар, — деп, / Абийирим ачып айрандай, / Амалсыз кылып салат, — деп, / Кудайым бир, диним бир, / Асилинде түрүм бир, / Таңгуттун элин табам, — деп, / Баштан өткөн жумуштун, / Баарын айтып барам, — деп, / Таңг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бирөө өлсө бирөө бар, / Өлгөнүнөн тирүүсү, / Улам мыкты, улам заар, / Пенде эмес жердеги, / Пери качып кутулбай, / Адам эмес амалсыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Амалсыз туруп бересиң, / Эки көзүң жалдырап, / Сөөгүң сөпөт болосуң, / Устуканың шалдырап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Амалсыз калып Кара дөө, / Тумтак күнү түгөндү, / Күлүгүн берип Чаңчыкпас, / Айткын деп мени жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →