амалкөй
- Амалкеч, амалдуу, илелүү, митаам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Амалкөй бирөө келбесин, / Кетиптир деп Бейбача, / Жазабызды бербесин, / Жаныбарды калтырбай, / Кекилик, чилдей тербесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Билип болду Бекбача, / Бириңдин койбой алыңды, / Алдыңкы өлгөн Асылдан, / Бекбачасы эр экен, / Айласы бар амалкөй, / Ар тарабы тең экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ылдамыраак чачкыла, / Амалкөй Лама бир шайтан, / Кутулуп кетип калбасын, / Ушул Лама зор душман - / Ал төөчүнү кошо алып, / Күлдүрдүн уулу Алдырбай, / Артынан түштү жол алып, / Аңгыча Лама …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдында келген эрди алып, / Эрдемсип калган Сомбилек, / Туралбайт эми айанып, / Кара тоодой Калкатай, / Качырып кирди Сомбилек, / Чоң экен деп жазганбай, / Келе жаткан чоң маңгыт, / Өзү амалкөй неме экен, / Алдап көнгөн жоо алып, / Эрчиткени төрт тайган, / Иттери атты такымдап, / Алаксытып эр сайган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →