амалда

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Амалын, жолун, эбин таап, айласын кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжулардан чоң Бодоң, / Кирип келди коржоңдоп: / — Мен беттеше калам, — деп, / Калгандар торун салар, — деп, / Бактыбайды амалдап, / Бекбачаны алам, — деп, / Качырып найза салганы, / Жазганбаган Бекбача, / Найзаны улай кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…еребе сары сакалды, / Жулкуп кармап сыланып, / Каалгадай кашка тиш, / Маңдайынан кылайтып, / Кененим турду муну айтып: / Мурунтан калмак, адатың, / Алдап туруп амалдап, / Чыр тапмак ата санатың, / Айтканыңча бар экен, / Падыша баатыр Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Батакты сайып ыргытып, / Канын анын зыргытып, / Тобун бузуп кырайын, / Музбурчак менен Кыргылды, / Ажыратып чыгайын; / Арстан Мажик амалдап, / Тиги экөөнө эки аттап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Конгон үйгө чыр салат, / Айла кылып амалдап, / Куру калбайт, олжо алат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →