альт
- муз. Хордо же вокалдык ансамблде партияларын төмөнкү үндө ырдалган балдардын же пас үндө аткарган аялдардын үндөрү.
- муз. Эркек балдардын коңур үнү.
- муз. Скрипка тобуна кирген, бирок көлөмү саал чоңураак төрт кылдуу тартма аспап.
- муз. Аскердик оркестрде колдонулган кээ бир музыкалык аспаптардын түрлөрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Канчоро менен Кыйазды, / Калың колдун ичинен, / Карман альт чыксам — деп, / Кардын жарып кылычтап, / Канжарлап башын алсам» / Бек ачуусу келиптир, / Бетинде орду көрбөстөн, / Салып кирип келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →