алысын
- Чабылган же мурда мал оттогон жерге чыккан жаш чөп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
чуркурап, / Иттер айтып кыңшылап, / Кененимди көргөндө, / Жан-жаныбар бөй-чайан – / Баары чыкты кыбырап, / Өлбөгөн тирүү немеси, / Бири калбай мыдырап, / Жаңы алысын чөп чыкты, / Жердин бети жыбырап, / Алар кабар угузду, / Жетип келип тыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жакын менен алысын, / Суусу баары-жоктугун, / Баарын билет Куйалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Колума тийсе намысым, / Колуңду артсаң мойнума, / Бышып турган дарбызмын, / Узакка барбай кубарат, / Күз көктөгөн алысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алат экен колуна, / Ак калпак кыргыз намысын, / Чыккан чөбү ал кезде, / Болот экен алысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алысын кууп, суу бойлоп, / Жылкы келип калгандыр, / Кетечинин сазына!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →