алыстык
- Ыраактык, обочолук, жакын эместик, эки ортодогу аралык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бул Мамирмазиндин үйүнөн бир чакырымдай алыстыкта.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Шааысмайыл макул болуп, атасынын айлынан он беш, жыйырма алыстыкта үй салдырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Хан бир күнү саякатка чыгып, кеч калып келе жатса бир канча алыстыкта абдан жаркыраган кооз жай көрүнөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде бир чоң соодагер келип, ордонун туурасында бир-эки чакырым алыстыкта түнөп калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →