алыстан
- Жакын жерден эмес, алыс жерден, алыс аралыктан, ыраак жактан, башка өлкөдөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди сурай калды эле, / Конушбай айтат ошондо: / — Тээ алыстан көрүнгөн, / Жайылып жаткан жалтырак, / Лопнурдун көлү эмеспи, / Ушул турган белибиз, / Алдайгырга ашуучу, / Чиндилдин бели эмеспи?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл до…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алыстан келген жоо болсо, / Айгайлап найза салайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →