алыскы

китептерде 41 жолу, 7 китепте
  1. Ыраактагы, ыраак жердеги, алыстагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылымда түгөп бушмандар, / Айланып сага турганы, / Алыскы журтта адамдар, / Алынат экен өзүңө, / Аталаш өскөн туугандар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алыскы жерде эл калды, / Армандуу биздей эл барбы?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ешип, / Жетитөр өрдөп эл көчтү, / Суусамырды көздөшүп, / Отуз миң байдын үйлөрү, / Орду менен конду эми, / Калган кыргыз үйлөрү, / Бөксөлөй тартып конду эми, / Алыскы жерге кетпеди, / Ат жетер жерди чектеди, / Айтып койуп калган жок, / Сомбилектин кептери, / Ай аркандап, күн санап, / Чакырган элдин жеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
«Большевик келет экен» деген сөздөр мурун бир алыскы кабар сыяктанып көрүнсө да, бу күндө жедеп чындыгына жеткендей, андан эч ким качып кутулбай тургандай, не болсо да эми анык болордой көрүнүп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал эми жалгыз уулум болсо, чоң кербенчилер менен бирге алыскы сапарга кетип, ошол бойдон, кайтпады, балам өлгөн окшойт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →