алыс
- Узак, жакын жерден эмес, ыраак.
- Кыйыр, жакын эмес (тууганчылыкка карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен алыска бардым сен үчүн, / Айылыма эми келатсам, / Туу жайасың не үчүн?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айдама кошуун кол жайнап, / Алпардың элди алыска, / Эл сактабай, эл кырып, / Жарайсың кандай намыска?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Алыс...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →