алынча
- Колдон келишинче, мүмкүнчүлүгүнө, шартына жараша.
- Анча-мынча, чакан, анчалык эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эшиктен кирсе Зулпукан: / — Эртеден кечке талаада, / Кирбедиң үйгө, балам, — деп, / Тамагын койду алдына, / Айабады барынча, / Андан мурун тамакты, / Жээчү эле алынча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтумуштун алдында, / Чынгыш деген бар экен, / Баштан айак заар экен, / Сураштырып угушсак, / Чыгыштан барган жан экен, / Чынгыштын кызы Чыныке, / Алынча сулуу ал экен, / Мен алам деп күн батыш, / Баш билгичтер зар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Албай келсең жакшы эле, / Көп кечигип каласың, - / Деп ошентип Каныкей, / Куну куйуп тышынан, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңыла…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Үйдүн ичи күүгүмдөйт, / Койон жүрөк коркоктор, / Сийдиги агып бүрүлдөйт, / Шамал болбой күн жаабай, / Кулактары дүрүлдөйт, / Кара тилдүү Тазкара, / Кайраты бар алынча, / Ата башка, эне бир / Чойтолоңдун жанында: / — Алдырабай сен желдет, / Менден уккун далай кеп, / Чойтолоңду не үчүн, / Тапан хан жалгыз чакырат, / Чоңдору ме…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алынча кылып кызматты, / Арстаным кара көк, / Адам, айбан дебестен, / Ар кимге иши жакты бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →