алчын
- Жер ченегич. Узундукту өлчөө куралы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урумдакы кыргыздар, / Астубалдын адырда, / Аргын, алчын кыргыздар, / Таланга малың кетпесин, / Маңгыт менен уусунга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таласта жердеп турганың, / Алчын, аргын-эки урук, / Ногой-нойгут-төрт урук, / Араңарда азыраак, / Далай кыргыз көп урук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алчын кыргыз уругу, / Атам мурун Таласта, / Алты жүз үйдүн улугу, / Жедигерге барышты, / Эр Бекбача буйурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мөңкөтай көөнү бузулса, / Алжан, алчын – эки урук, / Бир атанын уулу имиш, / Кыргыздан башка белгиси – / Ала сызма боо тагып, / Жүрүчү эле үй тигип, / Алжан, алчын айылы, деп, / Сурабай аны эл билип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыпчакбай кабыл алыптыр, / Казак-кыргыз элинен, / Алжан, аргын дегенден, / Алчын, үйшүн бул элден, / Жыйырманы каттады, / Баарысы байдын балдары, / Бай болбосо бий экен, / Байы, бийин билгисиз, / Баарысы элдин пили экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →