алчылан

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Бой көтөрүп короздонуу, койколоңдоо, көзгө көрүнүүгө аракет кылып жагалдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а ниет Калдыктын, / Көзүнөн каны тамчылап, / Бактыбайга жакындап, / Чукул кирип барганда, / Алдындагы сур атты, / Камчыланып алганда, / Кутуласың кантип деп, / Алчыланып алганда, / Татыбекти Такырбаш, / Алып кетти ат салып, / Бактыбайга хан Калдык, / Найза урду сурданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып карап туралбай, / Аманат жанга күч келип, / Минген атын камчылап, / Алчыланып барганда, / Баш калкалап мааналап, / Барбай койор айла жок, / Бастырып кирди туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атыңды кошуп, азамат, / Жашырбай айтып бериңиз, / Атап айта кетиңиз, / Эл башкарган бегиңиз, / — Алчыланып Алтыке, / Алдында минген Коңурсур, / Камчыланып Алтыке: / — Арып-чарчап келатсам, / Салмак болдуң көп кепке, / Бетбактуу биздин жерибиз, / Кара калпак элибиз, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыргыздын кылып каадасын, / Алчылантып, көкүлүн, / Асманды карай шүйүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Караланы камчылап, / Алчыланып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →