алчы

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Чүкөнү өкчөгөндө таасына карама-каршы бети, айкүр жагынан конушу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Темене канат жеткинчек, / Ошолорду айагын, / Ортодо тегиз угарбыз, / Айтып келген саламын, / Мойнуна салып камчысын, / Тааныбай калган кези экен, / Таасы менен алчысын, - / Деп ушинтип эр Бакай, / Элге айтты сөзүн жай, / Арстаның жатат чатырда, / Эшикке чыгып аттанбай, / Тай жарышым калганда, / Кокондун эли жалпылай, / Чөгө т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк жаңжүн баспай койгондо, / Тагын берди Эсенхан, / Коңурбай ээлеп алганда, / Кызына кошуп алчы, деп, / Шаарын берди Эсенхан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баатыр менен балбанын, / Беттешкенин алганын, / Такыр билет дөө уулу, / Айтылган сөздүн учурун, / Алчы-таасын калтырбай, / Баарын билет дөө уулу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сокуну берген ат кылып, / Сок билегин камчы деп, / Желмогузга карматкан, / Менден белек алчы деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ээ кылбады малыңа, / Эмгекти тирүү тарттырбай, / Энеңди алчы жаныңа! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →