алчаңда
- Өзүн эркин сезүү, эркелеп оюна келгенин кылуу.
- Табында турган аттын башты жогору чулгуп алчыланып басышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бадыкөл менен Кардыгач, / Бардашы ашык чамалаш, / Кайраттуу качпай турушту, / Канча жол найза урушту, / Ойуна алды Бадыкөл: / “Аргамжы чачы катындын, / Алчаңдаган каапырдын, / Чачынан чапчып кармайын, / Оодара тартып салайын, / Байлатып темир тор менен, / Олжо катын кылайын, / Мага окшош эр экен, / Катындан чыккан шер эк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арасын ача бергени, / Аталабы, жокпу, деп, / Адамдын бары тиктеди, / Алчаңдата бастырып, / Арстан жөнөп баратып, / Айманбоз оозун бош койуп, / Кыйшайа түшүп оңдонуп, / Карап калды эр Манас, / Окчо кармап бир койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайран Шууту карбаңдап, / Жан айабай барбаңдап, / Чынардай бойу салаңдап, / Дөөдөй буту тарбаңдап, / Көкчөкөзгө беттешип, / Кармашкан убак алчаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алчаңдарга атаң жок, / Ал-жайың сурар апаң жок, / Айланышкан ата журт, / Ардактуу шаарың Какан жок, / Керектүүң болсо табайын, / Эминеден кемиң бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жигит ак боз ат менен алчандатып күнүгө базарга келгенде эл таң калып, кээси бата берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →